super.kg logo
  Саясат  

Элчи Кылычбек Султанов Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

 
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 23-январда Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Дато Камилан менен жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги 26-январда билдиргендей, жолугушууда элчи Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Камилан өз сөзүндө К.Султановду элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Султанов жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси катары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө күч-аракетин жумшай турганын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: