super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба жана мелиорация министри дыйкандар өкмөттөн алган насыяларын туура эмес пайдаланып жатышканын айтты

 

“Дыйкандар өкмөттөн алган насыяны туура эмес пайдаланып жатышат”,- деп билдирди айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 26-январдагы жыйынында. Анын билдиришинче, кредитти туура эмес пайдалангандар жылдын аягында насыяны төлөй албай кыйналышууда.

Депутат Сайдулла Нышанов кыргыз элинин каада-салттары ашыкча чыгымга алып келип жатканын айтат. “Насыяны туура пайдаланган дыйкандарды колдошубуз керек. Албетте, туура эмес пайдалангандарды оңдой албайбыз. Биздин салттарыбыз ашыкча чыгымга алып келип жатат. Үлпөт тойлорго чыккан унааларга эле көп каражат кетет. Ар бири эле 10-20 миң сомдон. Анын баары эле депутаттардын каражатынан чыгып жаткан жок да, элдин өзүнүн капчыгынан кетип жатат. Ушул нерселерди жоёлу деп мыйзам иштеп чыксак, эл “адам укугун басмырлап жатасыңар” деп чыгат. Ошон үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”,- деди Нышанов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: