Абдырахман Маматалиев: "Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүү уланып жатат"
Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Муну бүгүн, 26-январда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы делимитация, демаркация иштери аяктаганы калды. "Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү уланууда. Былтыр 4-сентябрда Көк-Сай - Ак-Таш - Тамдык унаа жолун курууну эки тараптуу тартипте уланттык. Азыр биздин жарандар Өзбекстандын аймагын коопсуз айланып өтө алышат",- деди Маматалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

