Бишкекте "жасалма документ менен контейнерди 6 миң долларга сатып жиберген" деп шектелген айым кармалды
Бишкекте "жасалма документ менен бирөөнүн контейнерин 6 миң долларга сатып жиберген" деп шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2014-жылдын октябрь айында анын Гаврахай аттуу чала таанышы ага таандык "Дордой" базарындагы контейнеринин документтерин жасап, аны 6 миң долларга сатып жибергенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 51 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Автор: Мальвина Уметбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.