Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 34 жаштагы Д.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал үйүнүн жанына токтотуп койгон Субару үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн белгисиз жаран чечип кеткенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 26 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.