Мамлекеттик салык кызматы: Көзөмөл-кассалык машиналарды фискалдаштыруу долбоору даярдалды
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машиналарды фискалдаштыруу долбоорунун бет ачарын өткөрдү. Мекемеден 26-январда билдиришкендей, иш-чарада мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов фискалдаштыруу долбоору акча каражатын каттоого алуу боюнча көзөмөл системин түзүүгө багытталганын белгиледи.
"Моюнга алышыбыз керек, азыркы учурда салык төлөөчүлөрдүн көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуусу көзөмөлгө алынбайт. Муну менен кошо көзөмөл-кассалык машиналарды тейлеген Техникалык тейлөө борборлорунун ишине дооматтар бар. Ошондуктан тармакты тартипке салуу боюнча өкмөт бизге тапшырма берген. Долбоордун бизнеске канчалык таасири тиерин талкуулоо үчүн ишкердик коомдун өкүлдөрүн чакырдык",- деди Осмонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















