Асылбек Жээнбеков Бишкек баатырдын эстелигин шаардык мэриянын имаратынын алдына орнотууну сунуштады
Парламенттин 7-февралдагы жыйынында бир катар депутаттар борбор шаарга Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу сунушун айтышты. Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев аталган эстеликти орнотуу боюнча учурда ылайыктуу орун каралып жатканын айтты. Ошондой эле баатырдын 310 жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаралардын планы даяр экенин кошумчалады өкмөттүн өкүлү. Ал эми төрага Асылбек Жээнбековдун ою боюнча, Бишкек баатырдын эстелигин шаардык мэриянын имаратынын алдына орнотуу туура.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

