super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдары жыл жыйынтыгын чыгарышууда

 

Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдары 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарышууда. Бул тууралуу 26-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Курмантаевдин билдиргенине караганда, жылдын жыйынтыгына арналган мындай жыйындар мурда өткөн эмес. Ошондон улам алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде шаардын мамлекеттик жана муниципалдык органдары 2014-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен 2015-жылда аткарыла турган иш-аракеттеринин багыттарын аныктап жатышат. 

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жарыяланган Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында аткарылган иштер, жетишилген ийгиликтер менен катар кетирилип жаткан кемчиликтер жана Улуттук экономиканы бекемдөө жылында өндүрүштү өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

"Бул жыйындарга мэр баш болгон мэриянын вице-мэрлери, бөлүм башчылары катышып, чечилбей жаткан маселелерди чечүүгө, калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүгө байланышкан сунуштар берилүүдө",- дейт Н.Курмантаев.

Өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгы мэриянын кезектеги жыл жыйынтыгына арналган коллегиясынын кароосуна киргизилүүгө даярдалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: