super.kg logo

Ошто жана Жалал-Абадда "Мен пайгамбарымды сүйөм!" аттуу акция өткөрүлдү

 
24-январда Ош шаарында жана бүгүн, 26-январда Жалал-Абад шаарында "Мен пайгамбарымды сүйөм!" аттуу акция өткөрүлдү. Акциянын катышуучулары “Мен пайгамбарымды сүйөм!”, “Биз пайгамбарыбыздын карикатурасынын тартылышына каршыбыз!” деген жазуусу бар плакаттар менен турушту. 
Дал ушундай аталыштагы тынч митинг 20-январь күнү Бишкек шаарында орун алып, ага ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу“Республика – Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев өңдүү саясий жана коомдук ишмерлер катышкан. Тынч митинг Франциядагы сатиралык журналга болгон террордук чабуулдан кийин өткөрүлдү. 
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган.
Террордук акттын эртеси президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга көңүл айткан. Ошондой эле кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынч митинг өткөрүшкөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: