super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Чиновниктер келбей коюшуп, Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйыны үзгүлтүккө учурады

 

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 26-январдагы жыйыны кийинки аптага жылдырылды. Буга чакырылгандар: эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бактыбек Ашировдун жыйынга келбей койгону себеп болду.

“Мурунку жыйында да кат жиберип, кийинкиге жылдырууну суранган. Бүгүн келбей койгонун кантип түшүнсөк болот? Кыргызстанда тартип болушу керекпи? Кайда жүрүшсө, ошол жактан тезинен чакыргыла, келишсин”,- дешти депутаттар. 

Жыйынтыгында алардын жыйынга келе алышпай турганы белгилүү болду. Депутаттар өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге бул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылган кат жиберүү чечимин кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: