super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын айрым мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

 
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстандын "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргызстандагы ички соода жөнүндө" жана "Колдонуучулардын укугун коргоо жөнүндө" мыйзамдын нормаларын Евразия экономикалык биримдигинин укуктук-ченемдик базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында  иштелип чыккан.

Келишимдин 75-беренесине ылайык, Бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин мамлекет мүчөлөрүнүн территорияларында эки же андан көп мүчө мамлекеттердин аймактарындагы трансчекаралык рыноктордо атаандаштыкка терс таасирин тийгизген антиатаандаштык аракеттерди аныктоону жана токтотууну камсыз кылган атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери орнотулууга тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен кошо күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: