Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы кош салык салуу нормасы жоюлат
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде 26-январда эки өлкө ортосундагы кош салык салуу нормасын жоюуга багытталган Кыргызстандын өкмөтү менен
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан
качуу, кирешелерге жана капиталдын өсүшүнүн салыктарына карата салыктарды
төлөөдөн баш тартууну болтурбоо тууралуу макулдашуунун долбоору каралып,
биринчи окууда жактырылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Келишим кош салык салууну болтурбоо жана өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлүп жатканы айтылды. “Келишим күчүнө кирсе, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган британиялык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, биздин улуттук мыйзамдарыбызга ылайык өзүндө гана салык төлөп калат”,- дейт экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

