super.kg logo
  Саясат  

Накен Касиев: "Айыл өкмөт башчылары эл тарабынан түз шайланышы керек"

 

"Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан дайындалган жетекчилердин деңгээли өтө төмөн болууда". Муну Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Накен Касиев парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 26-январдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, айыл өкмөт башчыларынын деңгээлин көтөрүү үчүн алар эл тарабынан шайланышы керек.

“Ысык-Көл аймагы боюнча пилоттук долбоор даярдалууда. Ага ылайык, облустагы 65 айыл аймагы 13 аймакка бөлүнүп, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын түз шайлоо аркылуу дайындоо чараларын колго алмакчы”, - деди Касиев.

Депутат Надира Нарматова бир айыл өкмөттүн элин 15 депутаттын колуна салып берүү туура эмес болуп жатканын айтты. 

“15 депутат тажрыйбасы жок жаш балдарды айыл өкмөткө жетекчи кылып шайлап жатат. 25 жаштагы балдар элдин тагдырын кантип чечмек эле? Аймактарды өнүктүрүү үчүн тажрыйбалуу адамдар керек”,- дейт Нарматова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: