super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева 150 доллар айлык үчүн Билим берүү жана илим министрлигине адистер келбей жатканын айтты

 
Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратында 11 багыт боюнча бош кызмат орундары бар. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Эльвира Сариева 26-январда интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Бизге башкы адистер, жетектөөчү адистер, юриспруденция тармагы боюнча адистер керек. Орточо маянасы айына 100-150 доллар. Маянасынын аздыгынан улам бир нече айдан бери бош кызмат орундары толбой жатат. Сынакка катышууга резюмеңерди жибергиле",- деп каалоочуларга чакырык таштады. 
Сариева талапкердин документин комиссия карап чыккандан кийин ишке орношуучу Тестирлөө борборунда атайын тест тапшырышы керектигин кошумчалады (негизги нормативдик-укуктук актылар боюнча даярдануу керек). Тесттен ийгиликтүү өтсө, талапкер комиссия мүчөлөрү менен баарлашуудан өтүшү керек. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: