super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда былтыр мамлекеттик имараттардын ижара акысынан 62 миллион сом киреше түштү

 
Кыргызстанда 2014-жылы мамлекеттик имараттардын ижара акысынан 62 миллион 200 миң сом киреше түштү. Муну парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 26-январдагы жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү билдирди. Анын айтымында, былтыр мамлекетке караштуу 2354 имарат ижарага берилип, андан 38 миллион сом киреше түшөрү пландалган болчу. Быйылкы ижара акысы 207 миллион сом болору күтүлүп жатканы айтылды. "Эгер топтолгон каражат 50х50 пайыздан бөлүнө турган болсо, республикалык бюджетке да, мамлекеттик имаратты ээлеп турган мекеменин өзүнө да кыйла пайдалуу болот”,- дейт өкмөт өкүлү.
Айта кетсек, буга чейин маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар 30х70 пайыздан бөлүнүп, каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттарды ээлеп турган мекемеге жумшалып келген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: