Ибрагим Жунусов Евразиялык экономикалык союз өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты

22-январда Анкара шаарында Түркиядагы Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын элчилери катышкан маалымат жыйын өттү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чара Евразиялык экономикалык союздун ишмердүүлүгүнүн башталышына байланыштуу уюштурулду. Элчилер журналисттерге интеграциялык биримдиктин келечеги тууралуу маалымат беришип, союздун экономикалык милдеттери менен максаттарын белгилешти. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстан аталган биримдикке өлкөнүн экономикалык жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо менен кошулуп, ЕАЭС Кыргызстандын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Союзга мүчө мамлекеттер экономикалык жактан гана өнөктөш эмес, тарыхый-маданий жактан да жакын өлкөлөр экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

