Токмокто иске ууланып көз жумган үй-бүлөдөн аман калган кыз да каза болуп калды



Буга чейин Токмок шаарында 8-январда бир үй-бүлөдө 3 кыз жана алардын атасы иске ууланып каза болгону тууралуу жазган болчубуз. Бул каргашалуу окуяда ал үйдө аман калган 21 жаштагы кыз кечээ түнү өзүнө келбей жатып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Орозалы Кочоров билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"21 жаштагы кыз биздин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 21-январь күнү эртең мененки саат 09:50 алынып келген. Ошол эле күнү ага оор операция жасалган. Анын абалы өтө оор эле, ал баш мээнин комасында болчу. Тилекке каршы, 26-январда түнкү саат 03:00 чамасында өзүнө келбей жатып каза болуп калды. Азыркы тапта анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү",- деди О.Кочоров.
Эске салсак, буга чейин каза болгон кыз түшкөн Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жүрсүн Кошоева кыздын абалы оор экенин жана ал мурунку калыбына келеби же жокпу белгисиз экендигин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Балдарын бир заматта жогутуп боздоп гана калды...Азыр эмне болобуз, эртен эмне болобуз эч ким билбейт, ажаал айттырбай келет экенда...
Баарынын жаткан жерлери Жаннаттан болуп, Жараткан Алла Таалам сурактарын женил кыла кор...
Кыздардын энесине дем-куч, ден соолук бере кор...