super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ош облусунда дин кызматкерлери үчүн этникалар арасында тынчтыкты орнотууга багытталган тренинг башталды

 

"Кыргызстанда этникалар арасында тынчтык орнотуу максатында көп секторлуу иш алып баруу" долбоорунун алкагында бүгүн, 26-январда Ош облусунда этникалар арасында тынчтык орнотуу тренинги башталды. Тренинг Кара-Суу районунун Ак-Таш, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн имамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жарандык коомдун активисттери үчүн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тренингдин негизги максаты - диний баалуулуктар менен мамлекеттик саясаттын катышуусунда тынчтык орнотуудагы адамдардын укуктары боюнча катышуучуларга терең маалымат берүү. Негизги тема – жаңжалдардын келип чыгуусун изилдөө, адам укугунун негиздери, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тууралуу, тынч коомду түзүүнүн негиздери, ушул жаатта жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана диний лидерлердин аталган иш-чарадагы ролу тууралуу болот.

Тренингдин иш алкагында жергиликтүү башкаруунун өкүлдөрү, диний лидерлер, аксакалдар соту жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү да катышууда. Ошондой эле Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышууда. Тренинг Ош шаарында 2-февралга чейин уланат. Анын уюштуруучулары: БУУнун Калк фондунун колдоосу менен "Мутакаллим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: