super.kg logo

Борбор калаада ардагерлер жыйыны өткөрүлдү

 

Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана Октябрь районундагы оорукта эмгектенгендердин жалпы жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-январда билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Ардагерлер кеңешинин 2014-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык майрамынын программасын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар коюлду. Ардагерлер кеңеши, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана Октябрь районундагы оорукта эмгектенгендер, полковник Мелис Бейшеев отчёттук баяндамасы менен чыгышты. Райондун ардагерлерине байланыштуу социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, бир нече маселе талкууланды.

Октябрь райондук администрациясынын башчысы ардагерлерге мекенди коргоодогу эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип, жаш муундарды патриоттукка жана маданий жактан тарбиялоодо орду зор экенин баса белгиледи. Аталган иш-чарага райондук администрациянын башчысы Болот Алымкулов, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Зоотбек Исаков, Анатолий Оранов жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: