super.kg logo

Ошто "Хизбут-Тахрир" уюмунун катарына үгүттөп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун катарына үгүттөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү саат 13:30 чамасында Кара-Суу шаарындагы интернет-клубдардын биринен 39 жаштагы Алимжан М. аттуу жаран кармалган. Ал интернет аркылуу анын ичинде түштүк аймактын жашоочуларына радикалдык-экстремисттик "Хизбут-Тахрир" уюмунун идеологияларын жайылтып жүргөнү аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын социалдык тармактардагы баракчаларынан аталган экстремисттик уюмдун идеологиялары жөнүндө материалдар табылган. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, топтолгон материалдар аймактык Тергөө башкармалыгына жана Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына өткөрүлүп, иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.01.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо мээси жок жамандыка эмес жакшылыка ундобойбу мээсинен айнып же баягы эле акчага алданып жургон бир байкуш
26.01.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор жазага тартыш керек буларды,мекенди саткан наадандар ушулардан чыгат
27.01.2015. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер нени билесинер озунорду ондоп алгыла динден илиминер жок болгондон кийин мурдунарды тыкпагыла
28.01.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди жаман корсоткон ушуга окшогон уюмдар. Ислам дининде эч качан бироого зулум кылба деген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: