super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Менин жашаган үйүмдүн дубалынан жарака кетти. Кайсы мекеме кандай жардам бере алат?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Саламатсыздарбы! Менин жашаган үйүмдөн жарака кетип жатат. Жарака чоңоюп баратат. 

Бул боюнча кимге кайрылсам жардам бере алат? Адистерин жиберишеби? Кандай кылыш керек экенин көрсөтүп жардам беришсе, акысын деле төлөп берет элем. Суроо калтырган realliver

Жооп: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы №57-мыйзамынын 23-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жобосунун 4-пунктунун 64-абзацына ылайык, Мамлекеттик курулуштун алдындагы Жер титирөө, туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлор боюнча кыргыз илимий изилдөө институтуна арыз түрүндө кайрылсаңыз болот (дареги: Чыгыш өндүрүштүк аймагы, Чолпон-Ата көчөсү-2, тел.: 44-96-58, 63-13-12). Жер титирөө, туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлор боюнча кыргыз илимий изилдөө институту өздүк уставына ылайык изилдөөсүн “Чарба эсеп түрүндө” жүргүзүп, андан ары кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги боюнча корутундусун чыгарат. Же болбосо шаардагы менчик Долбоор ишканаларына кайрылсаңыз болот.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.01.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынандай бийликтин башкаруу убагында , мындай койгойлор кудай сактасын чечилип жардам беришине кумонум бар. Ишеничтен кетти бул мам башкаруу .
26.01.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро оз арабабызды тартып кор оокатыбызды кылганыбыз жакшы, именно ушул учурда. Кимге ишенесин ? Ким эле боору ооруп жардам берет азыркы учурдагы чиновноиктер? Мындай жана мындан башка койгойлор эл арасында толуп жатат, жардам берген эч ким жок чиновниктерден. Шайлоо убагына аз кун калды ,баары чыгышты жамгырдан кийин козу карындай болушуп ,дагы эле ошол коз бойоочулук ,дагы эле ошол эле алдоо, ошол эле шоу , ошол эле корунуштор мындан беш жыл мурунку.
edu.kg түзөттү 26.01.2015 23:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: