Бүгүн Кыргызстанга Иран депутаттары келишет
Бүгүн, 27-январда Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен Иран парламенттик делегациясы келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында чет өлкөлүк депутаттар ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев менен жолугушат.
Мындан тышкары Иран делегациясы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышып, гүлчамбар коюшат. Иш сапар 30-январда аяктамакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

