super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Жарандык кодексине толуктоо киргизилди

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 27-январда "Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мыйзам 2014-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, 254¹-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталат: "Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат".

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: