super.kg logo
  Саясат  

Индира Жолдубаева "кримтөбөл" Азиз Батукаев боюнча ишти кайрадан карап чыгууга убада берди

 

"Кримтөбөл" Азиз Батукаев боюнча иш кайрадан каралат. Муну башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында айтты.

Жыйын жүрүшүндө талапкер эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып “Батукаев боюнча маалыматтар жетиштүү жыйналган, мен иликтеп чыгышым керек, жаңы жагдайлар болсо, кайрадан карайм”,- деди Жолдубаева.

Комитет Жолдубаеванын башкы прокурорлукка талапкерлигин карап жатат. Аны депутаттарга президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев тааныштырды. 

Эске салсак, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: