super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети 27-январда башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду. 

Жыйында депутаттар анын алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат алып, укук маселелери боюнча суроолорун беришти. “Жаштарды кызматка алып келип, реформаларды ишке ашырышыбыз керек. Бизге жаш жана жаңы күч керек. Биздин жарандардын укугун коргой турган жетекчи болот деп сизге ишенип турабыз”,- дешти депутаттар.  

Жолдубаева 2002-жылдан бери юридикалык кызматтарда иштеп келет. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: