Бишкектеги оюн-зоок клубдарынын биринин администратору кардарга уткан акчасын бербей койгону үчүн кармалды
Бишкек шаарында "кардарга утуп алган акчасын бербей койгон" деген шек менен оюн-зоок клубдарынын биринин администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы С.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал бинго-клубдардын биринен утуп алган 430 миң сомун клубдун администратору ар кайсы шылтоо менен бербей жатканын айткан. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.