super.kg logo
  Саясат  

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Чехияга шенген визасын берүүдө

 
Шенген визасы жарактуу Европадагы 26 мамлекеттин Жердин картасындагы көрүнүшү.

Үстүбүздөгү жылдын 15-январынан тарта кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Чехияга баруу үчүн шенген визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилиги бере баштады. Маалым болгондой, Швейцариянын Бишкектеги элчилиги виза берүүгө 90 күнгө чейинки кыска мөөнөттүү арыздарды гана кабыл ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Шенген визасы жарактуу аймакка Европадагы 26 мамлекет кирет. Жогорудагы виза менен Австрия, Бельгия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Исландия, Испания, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Норвегия, Нидерланды, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Швейцария, Швеция жана Эстонияда 90 күн аралыгында эркин жүрүүгө болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: