Казакстандык машыктыруучу: "Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдешке катышпаган чыгаан казак, кыргыз мушкерлери аз"

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин уюшулушу, даярдыктар тууралуу өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Казакстан курамасынын башкы машыктыруучусу Рахимжан Сыдыков да сөз алды. Ал калыстардын ишин жана мелдештин жалпы деңгээлин баалап өттү.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Нурдин Султамбаев
"Бул мелдеште калыстар өз ишин билишет. Ушул себептүү катышуучулардын саны жыл сайын артып баратат. Негизи, бул мелдеш көп мушкерлер үчүн мыкты секирик болуп берет. Тактап айтканда, ушул мелдешке катышуудан алган тажрыйбанын негизинде мушкерлер эл аралык аренада өзүлөрүн мыкты көргөзүп башташат. Мен уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Анткени 38-ирет өтүп жаткан мелдешти жыл сайын уюштурууга көп каражат керек. Көп мамлекеттин мушкерлери жыл башында алгач ушул мелдешке катышышат",- деп белгиледи Р.Сыдыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.