super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы сатуудан 8,4 миллиард сом өлчөмүндө салык түшүүсү болжолдонууда

 

2015-жылга сатуудан алынуучу салыктын түшүүсү 8 миллиард 405 миллион сом өлчөмүндө божомолдонгон. Сатуудан алынуучу салыктын түшүүсүнүн эсеби божомолдонгон экономикалык көрсөткүчтөрдөн, мурдагы жылдардагы түшүү динамикасынан жана 2014-жылдагы түшүүнүн баасынан келип чыккан. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 26-январда билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылы сатуудан алынуучу салыктан түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 7 миллиард 262 миллион сомду түздү. Кийинки 5 жылда салыктын ушул түрүнөн түшүүлөр 196 пайызга өстү. Түшүүлөрдүн ар жылдык өсүүсү орточо 118,6 пайызды түздү. Бул салыктын 50 пайызы республикалык бюджетке, 50 пайызы жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

Сатуудан алынуучу салык жалпы мамлекеттик салык болуп эсептелет. Ата мекендик уюм, туруктуу мекемеси аркылуу Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер сатуудан алынуучу салыкты төлөөчү болуп саналат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: