super.kg logo

Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

 

Борбордо бир нече алдамчылык фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы О.А. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал өткөн жылдын август айында анын Эркинбек аттуу чала таанышы 3800 доллар алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жатканын айткан. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 49 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал да Эркинбек аттуу жаранга 3800 доллар берип, аны ала албай калганын билдирген. 

Ошондой эле милицияга арыз менен 52 жаштагы К.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал И.Сауле аттуу айым анын ишенимине кирүү менен 9800 долларын алып, изин суутуп кеткенин айткан. Ушул эле айымдын үстүнөн дагы эки арыз келип түшкөн. Анда жабырлануучулардын бири И.Саулеге 21 000 долларлык товарын берип, акчасын ала албай жатканын билдирген. Ал эми экинчи жабырлануучу И.Сауле андан 15 300 долларлык товар алып, ошол бойдон таптырбай кеткенин айткан. Бул 3 арыздын негизинде алдамчылык фактысына шектүү катары 36 жаштагы Сауле аттуу айым кармалды. Учурда бул арыздар боюнча материалдар чогултулуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 

    

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: