Бишкекте жыл башынан бери 230 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, 4,5 миңден ашык административдик протокол түзүлгөн

Бишкек шаарында жыл башынан бери айдоочуларга карата 4540 административдик протокол түзүлүп, 230 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери мас абалдагы 23 айдоочу токтотулган, коомдук жайларда унааны туура эмес жерлерге токтоткон айдоочуларга карата 1475 протокол түзүлгөн. Ошондой эле транспорттук каражаттарынын алдынкы эшигинин терезесин жана маңдайкы терезесин караңгылатып алгандарга карата 62 административдик протокол түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.