super.kg logo

Бишкекте бир кызга ашык болгон ата-баланын окуясын камтыган "Орхидея" тасмасы көрсөтүлдү

 
Режиссёр Бакыт Мурат: “Фильмдин идеясы мындан 3 жыл мурун досум менен атасы туш болгон окуядан алынган".
Фильмдин сценаристи Абдулалим Мамадалиев: "Тасма менен элди аруулукка чакырууну максат кылдык".
Актёр Нишанбай Топчубаев: "Өзүңдөн бир топ кичүү кызга сүйүүңдү арноо абдан кыйын экен".
Актриса Айнура Бекбоева: "Мен каарманымдын карама-каршысымын".

Бүгүн, 27-январда "Манас" кинотеатрында “Орхидея” мелодрамасынын бет ачары болду. Аземге аталган фильмдин жаратуучулары, башкы каармандар, көрүүчүлөр, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Тасма кино тармагында көптү үмүттөндүргөн студенттердин эмгегинен жаралган. 4 ай убакыт ичинде тартылган фильмдин бюджети азырынча сыр бойдон калууда.

Тасманын режиссёру – Бакыт Мурат, сценаристи – Абдулалим Мамадалиев, оператору – Чыңгыз Сулумбеков, башкы каармандар – Нишанбай ТопчубаевАйнура БекбоеваРавшан уулу АмантурНурбакыт Абылкасымов.

Фильмдин идеясы чыныгы жашоодо болуп өткөн окуядан алынган. Анда башкы каарман Айнура атасынын карызы үчүн уурдалып, “Орхидея” аталышындагы гүл сатуучу дүкөндүн атына жамынган сойкуканага келип түшөт. Ал бир күнү эс алуучу жайлардын биринен Бакыт аттуу жигит менен таанышып калат. Сыр катып, анык жүзүн билдирбей, назик болуп кулпурган кыз анын жүрөгүн бат эле багынтат. Жигити ата-энеси менен тааныштырып, үйүнө алып келет. Болочоктогу жолдошунун атасы да мурда ал кызды сүйүп жүргөн болот. Анын айынан автокырсыкка учурап, майыптар арабасында отуруп калган каарман болгон арманын ичине катып, өткөн-кеткенди эстеп кайгыга батат. Чындык Бакыт үчүн ачылбай, ал Айнурага баш кошуусу, атасынын ооруканага түшүшү менен тасма соңуна чыгат. 

Фильмди жаратуучулардын айтымында, тасманын уландысы тартылат. 

“Фильмдин идеясы мындан 3 жыл мурун досум менен атасы туш болгон окуядан алынган. Мындай жагымсыз окуялар жашообузда болуп жаткандыктан, элге көрсөтүүнү чечтик. Бул менин биринчи эмгегим. 4-курстун студенти гана болгондуктан, келечек алдыда, дагы жакшы ийгиликтерди жаратабыз”,- дейт фильмдин режиссёру Бакыт Мурат. 

“Чынын айтсам, образды ачып берүүдө бир топ кыйналдым. Арабада отуруп, сүйлөй албай, ичтеги армандуу махабатты көз менен жеткирүүдө убара тарттым. Өзүңдөн кичүү кызга сүйүүңдү арноо абдан кыйын экен. Акырында көзү өтүп кеткен келинчегимдин жүзүн элестетип, Айнурага “мен сени сүйөм” деп айттым”,- дейт актёр Нишанбай Топчубаев. 






Адамдарды аруулукка чакырган "Орхидея" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
27.01.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Катардагы саны бар,сапаты жок тасма.
27.01.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттер!!!сынчылар уро берет,сёмка журо берет. Шумкар зардалы.
27.01.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр камерасы бар адам эле кино тартып аябай эле өнүктүк...
Чындыгында бул кино тартуу бизнеске айланды.....

Эмнеси болсо да ийгилик каалайм!
28.01.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озу билет сынды койуп суйунсонор онукконуно
SUPER.KG видео
30.01.2015. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык окшойт кутобуз эми кино залдан
SUPER.KG видео
30.01.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеасы болгон окуя дейби?
SUPER.KG видео
30.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журналисттер, спойлер деген түшүнүк барбы силерде. Кинонун сюжетин айтып саласыңар((
SUPER.KG видео
02.02.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дикая орхидея красная туфелькадан алып алышыптыр кинонун маанисин!!
SUPER.KG видео
07.02.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген кино?Бир мааниси жок'тушунсом олойун,эптеп акча тапмай бир саатка да жетпейт,актерлорду кочодон эле алып келип коюшса керек ваше жаккан жок
SUPER.KG видео
17.02.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ койчу айланайын, жомок го тим эле.Султан Сулеймандай болгон актер аткарса болмок экен жаш кыз суйо тургандай жок дегенде.Анан кантип кайнатасы келинин суйсун кыргызда,суйушсо да жуз карашмак эмес.Тим эле денен дуркуройт.Уят!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: