27-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,3 миллиард метр кубга түштү

27-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 318 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 792 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 144 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 170 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 620 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 693 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 27-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 110 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Мага ишенип койгула алтындарым Свет өтпөйт...
Өз баасынан 1 тыйын көтөрүлсө бизди кудай урат деп акыйкатты айткым келди бирок чындыгында БАН! деп салбабы деп корундум