Жоомарт Оторбаев: “Коомдун колдоосу жок, балдарга карата зордук-зомбулукту жеңе албайбыз”



“Коомдун колдоосу жок, балдарга карата зордук-зомбулукту жеңе албайбыз”,- деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Муну ал бүгүн, 27-январда аталган маселеге арналган жыйында айтты.
Ал зомбулуктун алдын алууда массалык маалымат каражаттарынын ролу жогору экенин белгилеп: “Балдарга карата укук бузуулар боюнча атайын программа түзүү керек. Түшүнүктүү видеолорду тартып, телеберүүлөрдөн чыгарса болот. Бул темага арналган дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Жалпы көзөмөлдөөсүз балдарга карата зордук-зомбулукту жоюуга алыбыз жетпейт”,- деди.
Мындан тышкары ал бул багытта иш алып барган бейөкмөт уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

