super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы институту жаш балдардын эмне себептен зордук-зомбулукка кабылып жатканын изилдеп чыкты

 

Акыйкатчы институту жаш балдарга эмне себептен зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатканынын себебин изилдеп чыкты. Муну Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Акыйкатчы мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн балдарга зордук көрсөткөндөргө жаза берүү тартибин күчөтүүнү сунуш кылды. “Бул боюнча жакынкы аралыкта парламенттин кароосуна атайын баяндама алып чыгам. Өспүрүм балдарга зордук көрсөтүү коомдо өтө курчуп кетти. Биз мунун негизги себептерин аныктаганга аракет кылдык. Өзгөчө эки багытта иш алып бардык. Айрыкча айыл жеринде жашаган балдардын арасында жана жабык жайларда отурган балдар арасында көп катталганы аныкталды. Бул боюнча баяндамада кенен айтып беребиз”,- деди Аманбаев. Акыйкатчы зордук көргөн балдардын саны жыл сайын өсүп жатканын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: