Ак-Талаа районунда агасынын 8 жаштагы кызын бир жылдан бери ур-токмокко алып, зордуктап келген жаран кармалды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир тууган агасынын 8 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап келген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын ОИИБинин токтомунун негизинде 19-январдан 24-январга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында жашы жете элек кыз зордукталганы аныкталган. Анда 28 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран бир тууган агасынын 8 жашар С.Б. аттуу кызын ур-токмокко алып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Кийин ал атасынын кичүү инисинин үйүнө кароого калтырылган.
Учурда кылмышка шектүү жаран камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Ачууга алдырбай, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.