super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын ортосунда авиабайланыш ачуу маселеси талкууланды

 

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 27-январда Иран Мажилисинин "Иран-Кыргызстан" парламенттик достук тобунун төрагасы Али Каидини кабыл алды. 

Зулпукаров Кыргызстан менен Иранды тарыхый жана маданий тамыры, эки элдин руханий баалуулуктары байланыштырып турганын белгиледи. "Эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнүн абалы менен келечегин көрө билүү үчүн өлкөлөр ортосунда такай пикир алышып туруу өтө маанилүү",- дейт ал.

Ошондой эле төрага орун басары мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөдөгү парламенттер аралык байланыштардын ролун жана Ислам кызматташтыгы уюмунун парламенттик биримдигинин алкагында парламенттер аралык кызматташтыктын маанисин белгиледи. "Биздин өлкөлөр бир катар эл аралык жана аймактык уюмдардын мүчөсү болуп саналуу менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелер алкагында да тыгыз кызматташып келет. Эки өлкөнүн БУУ, ЭБУ, ШКУ, ошондой эле ИКУга мүчө болушу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсү жана эки тараптуу консультацияларды жүргүзүүсү үчүн жакшы негиз болуп берет",- деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Зулпукаров айыл чарба, энергетика, коммуникация, кайра иштетүү сыяктуу бир катар артыкчылыктуу багыттарда соода-экономикалык кызматташтык мамилелерди кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык маселелер боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү жаатында бирдиктүү пикирге келишти. Андан сырткары Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз авиабайланышты ачуу маселесин талкуулшты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: