super.kg logo

Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залынын имаратынын сырты оңдоого муктаж

 

Бишкектеги Эмен эс алуу багында жайгашкан С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр кошуунунун көргөзмө залынын имаратынын сырткы көрүнүшү оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Бул тууралуу аталган галереянын арт-директору Кайыргүл Казыбекова бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына билдирди.

“Сүрөтчүлөр кошуунунун көргөзмө залы маданияттын бирден-бир очогу болуп саналат. Ал жерде тартууланган көргөзмө залында биздин ата мекендик жана чет мамлекеттик улуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат. Акыркы жылдары көргөзмө залы абдан жанданууда. Саясаттан алыс болуп, элибиздин руханий байлыгын байыта турган көргөзмөлөр коомчулуктун кызыгуусун арттырып, өз күйөрмандарын топтоодо. Аталган имарат толук оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Бул тууралуу бир гана айтып тим болбой, кыйкыруу зарыл. Мен чындап бул үйдү жакшы көрөм. Ал баарыбызга жагымдуу маанай тартуулап келет. Учурда ал жардамга муктаж. Расмий түрдө жардам сурап эч жерге кайрыла элекпиз. Жакында КРнын Маданият, маалым жана туризм министрлигине жардам сурап кайрылалы деп турабыз”,- дейт Кайыргүл Казыбекова.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: