Жоомарт Оторбаев: "Балдарды зордуктаган адамдардын сүрөттөрүн аянтка илип коюу керек"

"Балдарды зордуктаган адамдардын сүрөттөрүн аянтка илип коюу керек",- деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Муну ал бүгүн, 27-январда өкмөттүн жарандык коомчулук жана бейөкмөт уюмдар менен балдарга карата зордук-зомбулук маселесине арналган жыйында айтты.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Балдарыбыздын келечеги бул көйгөйдү жок кылуу багытында алып барган ишибизден көз каранды. Коомубуз канчалык бай болсо да, балдарга жакшы тарбия берүү зарыл. Биз кыргызчылыкты туура эмес колдонуп жатабыз. Мисалы, бизде тойго чакырбай коюшса, таарынып, сүйлөшпөй коюшат. Ал эми балдарына карата зомбулук көрсөтүлгөндө, "Эл эмне дейт?" деп коркуп, эч кимге кайрылбай, эч кимге билгизбей калтырып коюшат",- деди өкмөт башчы.
Мындан тышкары ал балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарга кандай чара көрүү керек экендигин баса белгиледи. "Алардын сүрөттөрүн аянтка илип коюу керек. Же болбосо өлүм жазасына да жеткирүү керек. Болду эми, канчага чейин мындайга чыдай беребиз?!"- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Депутаттар да ойлонбойт, жаш балдар кандай акыбалда калат деп.