super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын өстүрүп жаткан жалгыз бой энеге акчалай жардам көрсөттү

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева 26-январда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын өзү өстүрүп жаткан жалгыз бой эне Айзада Кожобергенованын ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Дамира Ниязалиева Айзада Кожобергеновага премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан жалгыз бой энени материалдык жактан колдоо үчүн резервдик фонддон бөлүнгөн 50 миң сомду тапшырды.

Баарлашууда Айзада Кожобергенова Дамира Ниязалиевага жашоо шарты жана уулу Белектин ден соолугу тууралуу айтып берди.

"Айзада – жөнөкөй жана күчтүү адам. Жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан, ал баласын таштабай, бапестеп карап, келечекке ишеним менен карайт. Мен анын бул аракетине жана эркине баа бердим. Биздин арабызда Айзада сыяктуу энелер бар экендигине сыймыктанам”,- деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева эне жана баланын тагдырына өзү көзөмөл салып турарын убадалады жана өкмөттүн аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө мындан аркы көмөк көрсөтүүлөр боюнча жолдорду карап чыгуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: