super.kg logo

Нарында өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 объектиде оңдоо иштерин жүргүздү

 
2014-жылы Нарын облусунун аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык калыбына келтирүү жана капиталдык курулуштар планынын негизинде 3 объектиде жумуш аткарылды.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунун Баетов айылында ачык жана жабык типтеги дренаждар курулуп, эксплуатацияга берилди. Курулуш иштеринин 2-этабы быйыл улантылат.

Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күнгөй айылында жайгашкан суткалык жөнгө салуучу бассейндин түбүнө толуп калган 34 000 метр куб топурак толугу менен ташылып чыгарылып, ичи тазаланды. Ошондой эле дамбаны жана суу чыгуучу каналды калыбына келтирүү, дренаж куруу иштери аткарылып, объект толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы коллектордук дренаждык тармак куруу иштери улантылып, Сатыбеков көчөсүнөн 847 метр жабык типтеги КДС курулуп, эксплуатацияга берилди. Жыйынтыгында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 306 турак жай жана 4 социалдык объект, Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылындагы 1 суу сактагыч, 50 турак жай, 14 гектар айдоо аянты, ошондой эле Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы 200 турак жай, 3 социалдык объект жана 3 чарчы ички унаа жол кырсыктардан корголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: