super.kg logo

Бишкекте Ленинграддын фашисттерден бошотулганынын 71 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү

 

Бүгүн, 27-январда Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинграддын фашисттердин колунан бошотулганынын 71 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара мэр Кубанычбек Кулматов, Ленинград блокадачылар коомунун төрайымы Анна Кутанова, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Ленинград блокадачылары жана согуштун ардагерлеринин катышуусунда өттү. Чогулгандар курман болгондордун даректерине жылуу сөздөрдү узатып, эстеликтерге гүл коюшту. 

Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин Ленинград шаары фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Ачарчылыктан 640 миң адам көз жумган. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душманга баш ийип беришкен эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: