super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар өкмөткө чет өлкөдөн унаа ташыгандарга жеңилдик берүү жагын кароону сунушташты

 

Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынынын жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке ишкерлердин кайрылуусу каралды. Бул тууралуу 27-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа ташып келип соода кылган жеке ишкерлер 2015-жылдын 1-январынан тартып кирген бажы төлөмдөрүнүн жаңы тарифинен улам жапа чегип калышкан. Жаңы жылдын алдында автоунаа алып келген ишкерлердин 500 машинасы ар кандай форс-мажордук кырдаалга туш болуп, убагында чек арадан өтпөй калган. Эми алар бажы төлөмдөрүн 5 эсе көп төлөөгө мажбур болуп жатышат.

Абалды сураштырып иликтеген депутаттар автомашиналардын келген мөөнөттөрүнө жараша тизмесин аныктоо менен жеңилдик берүү жагын өкмөткө сунушташты. 

Ал эми КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевдин маалыматын уккан депутаттар суроолорду берип, улутташтырылган объекттердин ар бири боюнча тастыктама материалдарды талап кылып, аталган маселени кийинки аптага жылдыруу боюнча чечим кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: