super.kg logo
  Спорт  

Жалал-Абадда студенттер арасында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер башталды

 
Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2015-жылга карата 26-январдан 31-январга чейинки мөөнөттө университеттин деңгээлинде факультет жана колледждердин арасында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер башталды. 
Мелдештин биринчи күнү окуу жайдын ректору, саясий илимдердин доктору, профессор Акунжан Абдрашев сөз сүйлөп, университеттин окутуучулук-профессордук курамынын алдыдагы спорттук мелдеште ийгиликтерге жетишүүсүнө тилектештигин билдирип, спорттук мелдештин ишине ийгилик каалады. 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Ден соолук” борборунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Чырмаш Дооронов ар бир факультеттин командаларына ийгилик каалоо менен мелдештин өткөрүлө турган графиги менен тааныштырып кетти. 

“Биринчи күнү шахмат, тогуз коргоол, стритбол жана стол тенниси боюнча, экинчи, үчүнчү күндөрү волейбол, кичи футбол боюнча, бешинчи күнү аркан тартыш боюнча таймаш болот. Ал эми жуманын ишемби күнү мелдеш жыйынтыкталып, спорттун түрлөрү боюнча ээлеген орундарга карата сыйлыктар ыйгарылмакчы”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: