super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Абдыжапар Бекматов, Абдимуталип Кочкорбаев, Гүласал Садырбаева жана Данияр Тербишалиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу 27-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жөлөк пулдардын төлөнүшү, коррупция менен күрөшүү, электр кубатына болгон тариф, сот реформасы, КРнын Өкмөтүнүн отчёттору жана парламентаризмди өнүктүрүү маселелери менен депутаттык этиканын сакталышы сындуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Шайлоочулар чакан насыя саясатын жакшыртуу же чакан насыялык компанияларды таптакыр жабуу сунуштары менен чыгышты.

Эл өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүшөрүн, айрым маселелер өкмөткө жана парламенттин тармактык комитеттерине тапшырыларын билдиришти.

Жолугушуу "Улуттук демократиялык институт" жана “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бейөкмөт уюмдарынын көмөктөшүүсү аркылуу өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: