super.kg logo
  Саясат  

Эл аралык валюта фондунун жаңы программасынын алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүлөрү айтылды

 
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 27-январда Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Эдуард Гемайл менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Тараптар 2015-жылдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугу жаатында пикир алышты. 

Анда К.Дыйканбаев Жогорку Кеңештин, анын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин иши тууралуу учкай маалымат берди. «Парламент акыркы жылдары республикалык бюджетти өз маалында кабыл алып, аны пландаштыруу жана болжолдоо иштери жакшырып баратканын белгилей кетүүгө тийишпиз»,- дейт ал. 

Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Эдуард Гемайл Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын жыйынтыгындагы оң жылыштарды белгиледи. Ал реформалардан улам Кыргызстандын каржылык каатчылыкка каршы туруу мүмкүнчүлүгү артып баратканын айтты. «Кыргыз өкмөтү мындан ары да өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар ыргагын сактап калууга тийиш. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө жана экономикалык абалдын жакшырышына түрткү берет»,- дейт ал. 

Миссия жетекчиси Эл аралык валюта фондунун жаңы программасынын алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүлүп, өлкөдөгү экономикалык формалардын жүрүмүн жакшыртуу жаатында эксперттик кеп-кеңештер менен каржылык жардамдар бериле турганын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: