Акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, бут кийим оңдоочу жайдан чыккан өрттөн 1 адам каза тапты

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектеги Табалдиев көчөсүндө жайгашкан, аянты 15 чарчы метр бут кийим оңдоочу темир будканын ички жасалгасы жана бут кийимдер күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Өрт чыккан жерден 1976-жылы туулган А.Сериков аттуу жарандын күйгөн денеси табылып, 1-Май РИИБинин тергөөчүлөрүнө тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.