Өткөн жылы өлкө аймагында 9 миңден ашуун ажырашуу катталып, эң көп ажырашуулар Ош шаарында болгон

2014-жылы өлкө аймагында 9276 түгөй расмий түрдө ажырашкан. Эң көп ажырашуулар Ош шаарында катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Эльзат Кыдырмышева билдирди.
"Бишкек шаарында 1820 адам, Чүй облусунда 2082, Ош шаарында 2274, Ош облусунда 1398, Баткен облусунда 585, Жалал-Абад облусунда 1377, Талас облусунда 403, Нарын облусунда 418 жана Ысык-Көл облусунда 772 адам ажырашкан",- дейт Э.Кыдырмышева.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы өлкө аймагында 9065 адам расмий түрдө ажырашкан. 2014-жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 2013-жылга салыштырмалуу 211ге көп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.