Бүгүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ысык-Көлдөгү социалдык-маданий мекемелердин абалы менен таанышат
Бүгүн, 28-январда социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын Ысык-Көл облусу боюнча 2 күндүк жумушчу иш сапары башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Ниязалиева социалдык-маданий мекемелердин абалы менен таанышып чыгат. Мындан тышкары ал өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышат. Бул иш-чарада 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана 2015-жылга пландар талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















