Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алды
















Бүгүн, 28-январда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алды. 38-ирет уюшулуп жаткан мелдеште 10 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталат. Бокс боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов белгилегендей, мелдеш Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Таиланд, Монголия жана Кыргызстан мамлекеттеринин 179 мушкеринин катышуусунда өтүүдө.
28-29-январь күндөрү ар бир салмакта алгачкы беттештер орун алат. Финалдык беттештер 1-февралга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.